08:00, 06 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде 9-майда белгилүү сүрөтчү Сабитжан Бакашевдин чыгармачылыгына арналган лекция өткөрүлөт. Анда искусствотануу боюнча адис Айна Молдохматова жаратылыш менен тарыхты бир бүтүн дем катары сезе билген улуу сүрөтчүнүн чыгармачылыгы менен тааныштырат.
1960—1980-жылдары ал жараткан пейзаждар жана сүрөттөр анын колорист катары дүйнөнү бүтүндүктө, ажырагыс биримдикте көрө билген өзгөчө жөндөмүн чагылдырат.
Монументалист катары ал Фрунзе шаарындагы циркти декоративдик жасалгалоо боюнча чыгармачыл топту жетектеген, «Манас» аэропортундагы фрескалардын автору болгон жана башка маанилүү объектилерде кесиптештери менен биргеликте иштеген.
Анын колунан жаралган чыгармалар жандуу, каныккан түстөрдүн энергиясына толуп, көркөм мейкиндикке жаратылыштын демин алып келген. Бул көрүүчүнү ааламдын чексиз кооздугун терең сезүүгө жетелейт. Табиятынан мол талантка ээ болгон сүрөтчү шыктануу менен иштеп, эксперименттерди жакшы көргөн, жаңы материалдарды жана формаларды тайманбастан өздөштүргөн.
Кыска, бирок мазмундуу өмүрүндө ал көптөгөн маанилүү чыгармаларды жараткан. Анын чыгармачылыгынын туу чокуларынын бири — 1975-жылы Тон районунун Бөкөнбаев айылында Улуу Ата Мекендик согушта (1941–1945) курман болгон жоокерлерге арналган мемориалдык комплекс. Бул жөн гана типтүү эстелик эмес, өтө чын дилден жаралган жана жаңычыл чыгарма. Катуу вертикалдуу бетон блоктордо, тоолордун бүктөмүндөй, курман болгон жоокерлердин жүздөрү жана жердештеринин элестери бир бүтүн эстутум ыргагына айкалышат.