Бүгүн Талас шаарында кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш башталат

07:45, 06 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Талас шаарында кыргыз күрөшү боюнча республикалык мелдеш башталат. Бул тууралуу Кыргыз күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-7-8-май күндөрү Талас шаарында кыргыз күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары Анаркул Кыбыраевдин, Марсель Мураталиевдин, Сүйүтбек Усулаймановдун жана дүйнө чемпиону Жамболот Осмоновдун жаркын элестерине арналган республикалык мелдеш өткөрүлөт.

Фото

• Байге фонду: Бир миллион сом.

• Катышуучулар: Бардык балбандарды жана кыз-келиндерди мелдешке катышууга чакырылган.

• Каттоо жана таразага түшүү: 6-май күнү Талас шаарындагы «Газпром» спорт комплексинде саат 15:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.