Май майрамдары. Бишкекте ичимдик ичип, унаа башкарган 120 айдоочу кармалды

16:58, 05 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Май майрамдары учурунда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимге өткөрүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-3-майда ар кандай укук бузуулар үчүн милициянын аймактык бөлүмдөрүнө 400дөн ашык жаран жеткирилген. Алардын ичинен 60тан ашык адам соттун чечими менен Бишкек ШИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын атайын кабыл алуучу жайына киргизилген.

Бишкек ШИИБ
Мындан тышкары, укук бузуулар боюнча 5 миңден ашык протокол түзүлгөн. Алардын ичинде — спирт ичимдигин ичип алып рулга отуруунун 125 фактысы бар. Атайын айып короолорго 1 миңден ашык унаа токтотулган.

Коомдук тартипти камсыздоо боюнча иштер күнү-түнү уланууда. Күчөтүлгөн режимде укук тартибин камсыздоо иш-чаралары 10-майга чейин улантылат.