Бишкектиктерди жана борбор калаанын конокторун музыкалык кечеге чакырат

13:29, 05 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек тургундарын жана борбор калаанын конокторун музыкалык кечеге чакырат. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча бүгүн, 5-майда саат 18:00дө Ала-Тоо аянтында өтөт.

Музыкалык кечени Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл топтору тартуулайт.

«Музыка баарыбызды керемет шаарыбыздын ачык асманынын астында бириктирсин. Бул кеч эргүүнүн булагы, үй-бүлө жана досторубуз менен убакыт өткөрүү, жандуу аткаруудан ырахат алуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болот деп ишенебиз», -деп айтылат маалыматта.