Талас районунда сел жүрүп, айыл чарба жерлери жабыркады

12:34, 05 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Талас облусунун Беш-Таш айыл аймагында тоодо жааган катуу жамгырдан кийин Арашан айылынын түштүк-чыгыш тарабынан сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, суу айдоо талааларын каптаган.

Селдин кесепетинен чөп жана арпа эгилген 12 гектарга жакын аянт жабыркаган. Бактыга жараша, турак жайларга зыян келген эмес. Учурда тиешелүү кызматтар жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары, селдин кесепеттерин жоюу, арыктарды тазалоо жана суунун агымын жөнгө салуу боюнча иш-чаралар уюштурулду.

Жергиликтүү тургундарды жаан-чачын учурунда коопсуздук эрежелерин сактоого жана капчыгайлардан алыс болууга чакырышат.