Чүй облусунда эки адам баңгизаттын ири партиясын сатууга аракет кылган

11:21, 05 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Афганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ири өлчөмдө таркатуу менен алектенген кылмыштуу топтун иш-аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда баңгизаттарды таркатуу менен алектенген 1986-жылы туулган К.А.А. жана 1984-жылы туулган А.Э.К. аттуу жарандар кармалды.

Кармоо учурунда К.А.А. кызматтык унааны сүзүп, качып кетүүгө аракет кылган. Шектүүлөрдөн сатууга даярдалган ири партиядагы баңгизаттар алынды.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Алынган баңгизаттарга соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.

Бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.