Бишкекте «Музейлер түнү» маданий иш-чарасы 16-майда өтөт

10:29, 05 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 16-майда «Музейлер түнү» маданий иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи кабарлады.

Программада: туруктуу экспозиция, жарманке жана фуд-корт, мастер-класстар, концерт, музейдин убактылуу көргөзмөлөрү жана башка көптөгөн кызыктуу иш-чаралар бар.

Фото

Белгилей кетсек, «Музейлер түнү» акциясы салт боюнча борбор калаанын бир нече аянтчасында өткөрүлөт.

Кирүү акысыз.