10:05, 05 мая 2026, Бишкек - 24.kg
2026-жылдын башынан бери өлкө аймактары боюнча жалпы 110,2 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр ушул мезгилге карата 40 чакырым жол асфальтталган.
Битум менен 15 миң тонна камсыздалды. Сатып алынган битумдар асфальт-бетон заводдоруна чейин жеткирилип жаткандыгы айтылды.
Белгилей кетсек, жалпысынан Титулдук тизмеге кирген региондордогу бардык унаа жолдорунда иштер планга ылайык аткарылууда.