17:31, 04 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 4-май күнү саат 12:35 Кумтөр кенинин коопсуздук кызматынын диспетчердик бөлүмүнө туристтик гиддерден билдирүү түшкөн. Алар кенден 23-чакырым аралыкта кар көчкү алдында Италиядан келген беш турист калганын билдиришкен.
Окуя болгон жерге Кумтөрдүн куткаруу кызматы медициналык бригада менен дароо жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда Кумтөрдүн коопсуздук кызматы маалыматты ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирген.
Кумтөрдүн кызматкерлери дрондор менен аймакты алгачкы текшерүүдөн өткөрүшкөн. Италиятлык төрт турист жеңил жаракат алып, стресс абалында болушкан. Аларга ошол жерде тийштүү жардам көрсөтүлгөн. Ошол эле маалда бешинчи туристтин жайгашкан жерин аныктоо боюнча издөө-куткаруу иштери башталган. Саат 16:24 ал табылган.
Туристтин ар кандай женил жаракаттары, анын ичинде моюндан жаракат алынганы аныкталган. Учурда алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүлүп берилди. Абал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.