16:21, 04 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 4-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, жер силкинүү бүгүн саат 13:27де катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргыз-тажик чек арасында — Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 12 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 130 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 2 баллды түзгөн.