«Өлбөс полк» жана эскерүү митинги. Караколдо 9-Майга карата программа жарыяланды

16:09, 04 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Караколдо 9-майда Жеңиш күнүнө арналган эскерүү иш-чаралары өтөт.

Мэриядан билдиришкендей, саат 10:00дөн 10:30га чейин Абдрахманов жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде «Өлбөс полк» акциясынын катышуучулары чогулат.

Фото Каракол мэриясы. Караколдо 9-Майга карата программа жарыяланды

Саат 10:30дан 11:00гө чейин колонна Абдрахманов көчөсү менен «Жеңиш» паркына чейин жүрүп өтөт.

Иш-чаранын негизги бөлүгү парктын ичинде өтөт:

  • 11:00дөн 11:10го чейин — Өчпөс отко гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу аземи;
  • 11:10дөн 11:15ке чейин — каза болгондордун элесине куран окуу ;
  • 11:15тен 11:17ге чейин — эскерүү митинги, бир мүнөттүк эскерүү жана аскердик салют.

Шаар туркундарын иш-чараларга катышып, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскерүүгө чакырышат.