Селден жабыркаган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

15:46, 04 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын сел жүргөн райондорунда санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында катуу жаан-чачынга байланыштуу медициналык жана санитардык иштер күчөтүлдү.

Аймактарда:

  • үйлөрдү кыдырып текшерүү уюштурулду;
  • мобилдик медициналык топтор иштеп жатат;
  • суунун сапатына көзөмөл жүргүзүлүүдө;
  • жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери жүрүүдө;
  • жарандык коргонуу органдары жана жергиликтүү бийлик менен өз ара аракеттенүү жолго коюлду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

Баткен областында кооптуу аймактардан 35 үй-бүлө эвакуацияланды. Эвакуацияланган жарандар медициналык коштоого алынып, алардын саламаттык абалы көзөмөлдөнүүдө. Медициналык жардам алууга 37 адам кайрылып, алардын бардыгына зарыл жардам көрсөтүлдү, оор учурлар катталган жок.