Франция чет өлкөлүк студенттер үчүн окуу баасын дээрлик 20 эсеге көбөйттү

14:20, 04 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Францияда Европа Биримдигине кирбеген мамлекеттерден келген чет өлкөлүк студенттер үчүн окуунун баасын олуттуу жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку билим берүү министрлиги «Жогорку билим алуу үчүн Францияны танда» деп аталган жаңы өнүктүрүү стратегиясын сунуштоодо билдирди.

Евробиримдикке кирбеген өлкөлөрдөн келген студенттер окуу үчүн көбүрөөк төлөшү керек болот. Франциянын Жогорку билим берүү министри Филипп Баптисттин айтымында, чет өлкөлүк студенттердин 90 пайызга жакыны окуунун толук наркын төлөшөт. Бул мамлекеттик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат.

Европалык эмес өлкөлөрдөн келген студенттердин көпчүлүгү төмөнкү сумманы төлөшү пландалууда:

  • Бакалавриат үчүн — жылына 2 миң 895 еврого жакын (азыркы 178 евронун ордуна);
  • Магистратура үчүн — жылына 3 миң 941 еврого жакын (азыркы 254 евронун ордуна).

Жогорку билим берүү министри Франциянын университеттеринде Евробиримдикке кирбеген өлкөлөрдүн студенттери үчүн дифференцияланган (айырмаланган) окуу акысын киргизүүнү каалайт. Ал 2019-жылы киргизилген, бирок буга чейин чоң таасирин тийгизген эмес, деп айтылат «Le Parisien» гезитине берген маегинде.

«Университеттер мындан ары өтө өзгөчө учурлар үчүн каралган массалык жеңилдиктерди бере алышпайт... Биз акыркы жылдары бир аз четтеп кеткен мыйзамга жана фундаменталдык принциптерге кайтып жатабыз. Дифференцияланган төлөм — бул эреже, ал эми жеңилдиктер — өзгөчө учур», — деди Филипп Баптист.