13:21, 04 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Көчө тамактары — бул көптөгөн өлкөлөрдүн маданиятынын ажырагыс бөлүгү, ал нукура даамдарды жана унутулгус гастрономиялык таасирлерди тартуулайт. Бирок, экзотикалык жыттардын жана жаркыраган соода түйүндөрүнүн артында ден соолукка олуттуу коркунучтар жашырынышы мүмкүн деп эскертет туристтик агенттиктер тармагынын ээси Тариел Гажиенко:
Санитардык нормалардын сакталбашы
Бул көйгөйдүн негизги булагы болуп саналат. Көчөдөгү соода түйүндөрүндө көп учурда азык-түлүктү сактоого, колду жана идиш-аяктарды жууганга тийиштүү шарттар жок. Суу тазаланбаган болушу мүмкүн. Ал эми ингредиенттер туура эмес температурада сакталып, бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт.
Сапатсыз ингредиенттерди колдонуу
Көбүрөөк пайда табуу максатында айрым сатуучулар мөөнөтү өтүп кеткен, бузулган же сапатсыз азыктарды, анын ичинде эт, балык жана жашылчаларды колдонушу мүмкүн.
Туура эмес даярдоо
Азык-түлүктөрдү, өзгөчө эт жана деңиз азыктарын жетиштүү деңгээлде ысык иштетпөө мите курттар жана патогендик микроорганизмдер менен жугузуп алууга алып келиши мүмкүн.
Айлана-чөйрөнүн булганышы
Көчөдөгү соода түйүндөрү көбүнчө автоунаалар көп каттаган жерлерде жайгашкандыктан, абадагы түтүн жана чаңдар тамак-аштын үстүнө конот.
Көзөмөлдүн жоктугу
Айрым өлкөлөрдө көчө тамактарынын сапатына жана коопсуздугуна көзөмөл жетишсиз же такыр эле жок болушу мүмкүн.