ИИМ: Эс алуу күндөрү балдардын коопсуздугуна көңүл буруңуз
12:35, 04 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Ички иштер министрлиги 1-10-май аралыгындагы узак эс алуу күндөрүндө ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, май айындагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу балдар көп убактыларын көчөдө өткөрүшөт. Андай учурда чоңдордун тынымсыз көзөмөлү зарыл.
Ата-энелер үчүн негизги сунуштар:
- Балдарды кароосуз калтырбаңыз. Кыска убакытка дагы. Айрыкча бул кичинекей балдарга жана кенже класстын окуучуларына тиешелүү.
- Баланын кайда экенин көзөмөлдөңүз. Кайда жана ким менен жүргөнүн билиңиз, үйгө кайтуу убактысын сүйлөшүп алыңыз.
- Жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүңүз. Балдарга жолду белгиленген жерлерден гана кесип өтүү керектигин жана жолдо этият болуу зарылдыгын эскертиңиз.
- Кооптуу буюмдарды колдонууну чектеңиз. Ширеңке, зажигалка, тиричилик химиясы, дары-дармектер балдар жетпеген жерде болушу керек.
- Бейтааныш адамдар жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүңүз. Бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүгө болбой турганын, алардан белектерди албоо керектигин же кайдадыр кетпөө керектигин түшүндүрүңүз.
- Интернеттеги коопсуздук. Балаңыз кайсы сайттарга кирерин, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде ким менен сүйлөшөрүн көзөмөлдөңүз.
- Суу сактагычтарда жана жаратылышта көзөмөл. Балдардын суу жээгинде чоңдордун коштоосу жок болуусуна жол бербеңиз, жаратылышта өзүн алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүңүз.
«Урматтуу ата-энелер! Сиздердин көңүл бурууңуздар жана коопсуздук эрежелерин өз убагында түшүндүрүүңүздөр кырсыктардын алдын алат», — деп айтылат маалыматта.