Бишкектиктерди жума башында эмне күтөт? 4 −6-майга карата аба ырайы

09:04, 04 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте дүйшөмбү күнү жаан-чачын күтүлөт, андан кийин бир аз жылыйт. Синоптиктер ушундай алдын ала божомол беришүүдө.

4-май: күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Түнкүсүн абанын температурасы +11 градуска чейин, күндүз +22 градуска чейин жылыйт.

5-май: күн булуттуу болот. Түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү +12 градусту көрсөтүп, күндүз +25 градус тегерегинде болот деп күтүлөт.

6-май: ала булуттуу болот. Түнкүсүн +11 градус, күндүз +27 градуска чейин жетет.