08:20, 04 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сел жүргөн Баткен районуна барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты.
Мекеменин маалыматына караганда, министр Ак-Татыр айыл аймагындагы сел өткөрүүчү сайдын абалын, ошондой эле табигый кырсыктан жабыркаган аймактарды көрүп чыкты. Өзгөчө көңүл сел кирген турак үйлөргө бурулду.
Министр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, сел жээгин бекемдөө жана сел агымдарын коопсуз өткөрүү маселелери боюнча жарандардын сунуш-пикирлерин угуп, жыйынтыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле жеринде Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда ыкчам штаб өткөрүлүп, мындан ары ушундай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары талкууланды.
Акыркы маалыматтарга ылайык, турак үйлөрдү жана короо-жайларды сел калдыктарынан тазалоо иштери дээрлик аяктады. Учурда атайын комиссия келтирилген чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзүүдө.