Бишкектин Киев көчөсүнүн бир бөлүгүндө эки тараптуу кыймыл киргизилди

14:23, 01 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 1-майдан тартып Киев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкесинде убактылуу эки тараптуу кыймыл киргизилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим Шопоков көчөсүндө жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана Киев көчөсүнүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Бишкек мэриясы айдоочулардан бул өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну, жол белгилерин так сактоону жана этият болууну суранат.