Бишкекке 148 жыл: Жазгы веложүрүшкө 2 миңден ашык адам катышты

13:34, 01 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында борбордун 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өттү. Иш-чарага 2 миңден ашуун адам катышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында марага жетишти. Маршруттун жалпы узундугу 5,5 км түздү.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Бишкекте жазгы веложүрүшкө 2 миңден ашык адам катышты
Алардын арасында кесипкөй спортчулар да, үй-бүлөсү менен келген шаар тургундары да болду. Веложүрүшкө шаар мэри Айбек Джунушалиев да катышып, толук маршрутту өттү. Расмий бөлүктө веломаданиятты өнүктүрүү маанилүү экени белгиленип, майыптыгы бар катышуучуга өзгөчө кайраттуулугу үчүн акчалай сыйлык берилди.

Иш-чара коопсуздук талаптарына ылайык өтүп, аны шаардык спорт департаменти жана велоспорт федерациясы уюштурду.