Манас шаарында катуу жааган жамгырдан кийин турак жайларды суу каптады

11:25, 01 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Катуу жааган жамгырдан кийин Манас шаарында турак жайларды жана социалдык объектилерди суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп жатат.

Имараттарды селдин кесепеттеринен тазалоо процессин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов көзөмөлдөп жатат.