11:15, 01 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте айрым жерлерде бир жумадай жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу 30-апрелден 6-майга чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн билдирди.
Гаражная көчөсү, Жибек Жолу көчөсү, Калинин көчөсү, Салиева көчөсү.
«Бишкекгаз» газ кызматы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абоненттерди газ өчүрүлгөн мезгилде альтернативдүү энергия булактарын колдонууга чакырат. Жүргүзүлүп жаткан иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган.