Май майрамдарында Калкты тейлөө борборлору дем алышсыз иштейт

13:57, 30 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборлору май майрамдарында кадимки тартипте ишин улантат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, анын ичинде майрамдык жана дем алыш күндөрү борборлор күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

Фото
Мындай график калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында киргизилгени белгиленет. Жарандарга иш сапарын пландаштырууда белгиленген тартипти эске алуусу жана мүмкүнчүлүккө жараша онлайн кызматтарды колдонуусу сунушталат.