09:05, 30 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
2025-жылы ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын бузгандыгы үчүн көзөмөл органдары тарабынан 247 кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Бул сандар Баткенде өткөн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин жыйынында айтылды.
Маалымка ылайык, аталган мезгил ичинде 233 текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мыйзам бузуунун 577 учуру аныкталган. Ишкерлердин укуктарын калыбына келтирүү үчүн прокурордук чара көрүүнүн 349 актысы киргизилип, 247 аткаминер жоопко тартылган.
Прокуратура органдарынын кызматкерлери ошондой эле ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди жана аларды чечүүнүн механизмдерин талкуулашты.