Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

15:05, 29 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган.

Жолдун 9 жерин чоң сел алган.

Таңдан бери жеринде «Кыргызавтожол-Түштүк» МИнин Nº12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп, жамгырдан кийинки табигый кырсыктарды жоюу иштерин аткарышууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги . Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды
Ушу тапта жеринде техникалар иштеп жатат. Жол каттам бир тараптуу ачык.