Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы «Ата-Бейитке» барды

11:59, 29 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга расмий сапары менен келген Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Президенттин басма сөз кызматы. Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы «Ата-Бейитке» барды

Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбе министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбар койду.