11:52, 29 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Кытайдын Чжэнчжоу шаарына иш сапары менен барды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, сапардын алкагында ал автобус техникасын чыгарган дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири — Yutong Bus Co., Ltd. компаниясынын башкы кеңсесине жана өндүрүш базасына барды. Ал жерде компаниянын өндүрүш кубаттуулугу, адистештирилген мектеп автобустарын чыгаруудагы заманбап технологиялык чечимдер көрсөтүлдү. Өзгөчө көңүл окуучуларды коопсуз ташуу үчүн иштелип чыккан транспорт каражаттарынын моделдерине бурулду.
Тараптар мектеп автобустарын иштетүү тажрыйбасы, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүндө колдонуу практикасы менен таанышты.
Тараптар Кыргыз Республикасынын шарттарын эске алуу менен мектеп автобустарын жеткирүү жана адаптациялоо тармагындагы мүмкүн болгон кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Yutong Bus Co., Ltd. автобус чыгаруу боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат; ал 21 жылдан бери Кытайда жана 13 жылдан бери дүйнөлүк сатуу көлөмү боюнча биринчи орунду ээлеп келет. Компаниянын продукциясы 100дөн ашык өлкөгө жана аймактарга экспорттолот.
Компания буга чейин Кыргызстандын ар кайсы шаарларына жана ведомстволоруна, анын ичинде Маданият министрлигине, Бишкек, Нарын, Балыкчы жана Каракол шаарларына бир топ сандагы автобустарды жеткирген.