Айлыкка кошумча 5 миң сом: Президенттин атынан кимдер төлөм алат?

10:20, 29 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттарын жөнгө салган 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Бул чечим президенттин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акы төлөө тутумун өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, документке 5 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компенсациялык төлөмдү киргизүү боюнча жаңы норма кошулду. Ал иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн чегерилет. Аталган төлөм төмөнкүлөрдү эсептөөдө эске алынбайт:

үстөктөрдү;

жөлөкпулдарды;

13-айлыкты;

бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү;

башка кошумча төлөмдөрдү.

Финансы министрлигине 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү даярдоодо бул өзгөртүүлөрдү эске алуу, ошондой эле тиешелүү иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Документ ушул жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирди.