Кыргызстандын Улуттук гвардиясына жаңы кол башчы дайындалды

09:15, 29 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясына жаңы кол башчы дайындалды. Бул кызматка полковник Данияр Исаков келгенин Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка ведомство башчысы Руслан Мукамбетов кол койгону белгиленди.

Фото Коргоо министрлиги. Кыргызстандын Улуттук гвардиясына жаңы кол башчы дайындалды

Туулган жылы жана жери: 1974-жылдын 1-майында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында туулган.

Билими:

1991-жылы орто мектепти аяктаган.

2000-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин дипломун алган.

2018-жылы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик академиясында окуусун аяктаган.

Буга чейин КР Улуттук гвардиясын Талантбек Эргешов жетектеп келген.