07:57, 29 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Тажикстанда жер титирөө катталып, анын күчү Кыргызстанда да сезилди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө бүгүн, 29-апрелде түнкү саат 2:22де катталган. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында, Кара-Тейит айылынан 20 чакырым түштүк-батыш тарапта, ал эми Баткен шаарынан 110 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит жана Карамык айылдарында болжол менен 2,5 баллды түздү.
Сейсмологдор ошондой эле 28-апрелде саат 11:43тө Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун кабарлашты. Анын очогу Такталы кырка тоосунун аймагында — Көк-Бел айылынан 8 чакырым түштүк-чыгышта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Токтогул районунун борборунан 25 чакырым түштүк-чыгышта жана Манас шаарынан 80 чакырым түндүк тарапта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Көк-Бел айылында болжол менен 3 балл, Кетмен-Төбө айылында болжол менен 2,5 балл деп бааланды.