08:45, 29 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 29-апрелден 5-майга чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 54-чакырымда жайгашкан жөө өтмөктү демонтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Унаа жолу жабылган учурда айланма жол уюштурулат. Министрлик айдоочуларга алдын ала маршрутту пландап алууну эскертет.