Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык спортчулар Стамбулда 33 медаль утту

07:45, 29 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Каратэ-до шотокан WSF боюнча XVI дүйнө чемпионаты жыйынтыкталып, Кыргызстандын курама команды ийгиликтүү жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-26 апрель күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында Каратэ-до шотокан WSF боюнча XVI дүйнө чемпионаты жана биринчилигине 21 мамлекеттин спортсмендери катышты.

Мелдештердин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпы 33 медаль утуп, командалык эсеп боюнча 4-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында алтын медаль ээлери:

  • Жаныбек Исаев (-52 кг)
  • Даниил Адамов (-70 кг)
  • Атабек Турдугулов (-70 кг)
  • Бакай Мирланов (-75 кг)
  • Артур Назарбеков (-76 кг)
  • Усон Абдибаситов (+76 кг)

Күмүш медаль ээлери:

  • Нуржигит Аманбеков (-40 кг)
  • Артём Кузнецов (-55 кг)
  • Нурдоолот Рысбеков (55кг+)
  • Чынгыз Айтбеков (-70 кг)
  • Мырзакун Асылбеков (-76 кг)

Коло медаль ээлери:

  • Барсбек Аскаров (-45 кг)
  • Актан Балкияев (-52 кг)
  • Нурсултан Рахманов (-57 кг)
  • Жолдубай Усенов (-60 кг)
  • Изатбек Калыбеков ( −67 кг)
  • Нурсултан Усонов ( −75 кг)
  • Шайырбек Осмонов (+75 кг)
  • Аманбол Талайбеков (+84 кг)

Кыз келиндер:

Алтын медаль ээлери:

  • Айдай Алмазбекова ( −38 кг)
  • Элеонора Кочкорова (-40 кг)
  • Аяна Замирбекова ( +40 кг)
  • Айтунук Турсунбекова ( −50 кг)
  • Жанерке Турдалыева (-54 кг)
  • Баяна Замирбекова ( +59 кг)
  • Жаркынай Эрнисова (-61 кг)

Күмүш медаль ээлери:

  • Жанат Жапарова (-47 кг)
  • Маржан Нурланова ( −54 кг)

Коло медаль ээлери:

  • Сабина Камчыбекова (-38 кг)
  • Сафия Калмаматова (-44 кг)
  • Аруна Рысбекова (-61 кг)
  • Ажар Орозалиева (-61 кг)
  • Айсулуу Баялиева (35–44 жаш)

Жалпысынан, кыргызстандык каратэчилер эл аралык аренада жогорку деңгээл көрсөтүп, өлкөнүн намысын татыктуу коргоду.