Чоң-Кемин жаратылыш паркындагы база мамлекетке кайтарылды

15:28, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Чоң-Кемин жаратылыш паркынын аймагындагы өндүрүштүк база мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында өндүрүштүк база жана ага тиешелүү 1 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 103 млн 243 миң сомду түзгөн турак үй жана 1 га жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.