Кытай менен чек ара убактылуу жабылат

14:35, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

«Кыргыз-кытай» чек ара тилкесиндеги өткөрүү пункттарынын иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чектөөлөр Кытайдагы Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу болууда.

30-апрелден тарта:

  • «Эркечтам-автожол» өткөрүү пункту саат 22:00дөн баштап адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү токтотот;
  • «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту саат 20:00дөн баштап (Бишкек убактысы боюнча) жабылат.

Бул пункттардын иши 2-майда саат 08:00дө кайра жанданат.

Белгиленгендей, «Бедел-автожол» өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейин жабык болуп, 6-майда саат 08:00дө ачылат.

Көрсөтүлгөн мөөнөт аралыгында чек арачылар аталган чек ара тилкелери аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү болбойт.