Кыргызстан экспортту кеңейтти: Айыл чарба продукциясы 80 өлкөгө жеткирилет

14:10, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан чет өлкөлөргө айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрүн экспорттойт. Экспорттун географиясы дүйнөнүн 80ден ашык мамлекетин камтый турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

2025-жылдын январь—декабрь айларында айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү жалпы экспорт көлөмүнүн 13,3%ын түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилинде 8,8% болгон. Мындай өсүш тармактын туруктуу өнүгүп жатканын айгинелейт.

Экспорттун негизги багыттарынын бири — ЕАЭБ өлкөлөрү. Бул биримдикке жалпы экспорт көлөмү 17,1 млрд сомду түзүп, жалпы экспорттун 51%ын ээлейт.

Анын ичинде:

  • Россия Федерациясына экспорт көлөмү 7,8 млрд сомду түзүп, негизинен эт-сүт продукциялары, жашылчалар жана мөмө-жемиштер жөнөтүлгөн;
  • Казакстан Республикасына да 7,8 млрд сомдук продукция экспорттолуп, анын курамына жашылчалар, мөмө-жемиштер, тоок эти жана сүт азыктары кирет;
  • Беларусь Республикасына 1,5 млрд сомдук экспорт жүргүзүлүп, эт-сүт продукциялары, тоют жана макарон азыктары жеткирилген;
  • Армения Республикасына 13 млн сомдук продукция экспорттолуп, жашылчалар, жаңгактар жана эт азыктары жөнөтүлгөн.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспорту туруктуу өсүп жатканын далилдейт. Айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрү республика үчүн негизги соода өнөктөштөр бойдон калууда.