Биринчи класска кабыл алуу: Бишкектин үч мектебинде каттоо аяктады

13:36, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги үч мектепте — № 61, 70 жана 20-мектептерде биринчи класска каттоо аяктады. Бул тууралуу 24.kg басылмасына борбор калаанын билим берүү департаментинен билдиришти.

Белгилей кетсек, борбор калаа үчүн жалпы квота 26,5 миң орунду түзөт.

Анын ичинен:

  • Кыргыз тилинде окуткан мектептерде — 14,2 миң орун (бүгүнкү күндө 3,9 миңи ээленди);
  • Орус тилинде окуткан мектептерде — 12,3 миң орун каралган (анын 5,5 миңге жакыны ээленди).
  • Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Учурда 2019 жана 2020-жылы туулган балдар каттоого алынууда.

Каттоо этаптары:

  • 1-этап: Ата-энесинин биринин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынат.
  • 2-этап: Жашаган жерине (пропискага) карабастан каттоо 1-июндан тарта башталат.

Буга чейин маалымдалгандай, 27-апрелге карата биринчи класска 61,7 миңден ашык бала катталды. Анын ичинде Бишкек шаары боюнча 9,4 миңге жакын бала кабыл алынды. Борбор калаада дагы 17 миңден бир аз ашык бош орун бар. 2026/27-окуу жылына карата жалпы квоталардын саны — 192,3 миң.