Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды

13:13, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды
Мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо ведомстволорунун ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ мейкиндигинде коргоо кызматташтыгын жана жалпы коопсуздукту мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.