Бишкекте 1 миллион 362,9 миң тургун бар: Калктын өсүшү эң төмөн деңгээлде

12:20, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 18,1 миң адамга же 0,2 пайызга көбөйүп, 2026-жылдын 1-мартына карата 7 миллион 422 миң адамды түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин отчетунда көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, 1-февралга карата Бишкек шаарынын калкынын саны 1 миллион 362,9 миң адамды, ал эми Ош шаарыныкы 486,6 миң адамды түздү.

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-февраль айларында жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында:

  • 21,4 миң ымыркай катталган (калктын ар 1 миңине 17,9 төрөлүү);
  • 5,4 миң өлүм катталган (калктын ар 1 миңине 4,5 өлүм).
  • Калктын табигый өсүшү 16 миң адамды (калктын ар 1 миңине 13,4) түздү.

Калктын табигый өсүшүнүн эң жогорку деңгээли Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында байкалса, эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында катталды.