12:05, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Россияда жаздын башкы аллергени болуп дагы деле кайың эсептелет. Анын чаңчалары жүздөгөн чакырымдарга чейин уча алат. Ал эми гүлдөп жаткан талдын бутактары жабык имараттарда аллергиясы барлар үчүн олуттуу коркунуч туудурат. Бул тууралуу «Газета.Ru» басылмасына медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер аллерголог-иммунолог Ирина Манина билдирди.
Адистин айтымында, эң кооптуу үч аллергендин катарына мөмөсү анафилаксияга (катуу аллергиялык реакция) алып келиши мүмкүн болгон жаңгак бадалдары жана кар эригенден кийин биринчи гүлдөгөн өлөң чөп кирет. Манина белгилегендей, карагай, кипарис, эмен жана ак чечек да коркунуч туудурат. Ал эми топурак грибоктору жер айдоо учурунда абага көтөрүлөт.
Дарыгер аллергиянын белгилерин түшүндүрдү:
Дарыгер сырттан келгенден кийин бетти жана чачты жууп турууну, беткап жана көз айнек тагынууну, ошондой эле мурунду деңиз суусу менен чайкоону сунуштады. Эксперт кошумчалагандай, учурда Россияда кайың чаңчасына каршы жаңы вакцина каттоодон өтүүдө, ал толук айыгуу үчүн болжол менен беш инъекцияны талап кылат.