10:28, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунда баасы 273 миллион сомдон ашык болгон жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада 2004-жылы «Ысык-Көл» туристтик пансионатына тиешелүү 1,9 га жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.