Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин саммити: Кимдер келди?
09:15, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн Кыргызстанга делегациялар келүүдө.
КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы. Кытайдын коргоо министри Дун ЦзюньКР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы. Беларусь Коргоо министри Виктор ХренинКР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев
Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев «Манас» эл аралык аэропортуна учуп келди. Аны КР Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы Талантбек Талипов тосуп алды.
Ошондой эле Бишкекке төмөнкү жетекчилер келишти:
Пакистандын коргоо министри Хаваджа Мухаммад Асиф;
Ирандын коргоо министринин орун басары, генерал-майор Реза Талаи Ник;
Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов;
Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь;
Беларусь Коргоо министрлигинин делегациясы, коргоо министри Виктор Хрениндин жетекчилигинде.
Кеңешменин жүрүшүндө тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ШКУ форматында коргоо ведомстволорунун мындан аркы кызматташуусун талкуулап жатышат.