09:02, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 28-апрелде саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК жана Саадаев көчөсү.
Анын ичинде: «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» конуштары.
«Северный» суу топтомосунда диаметри 400 мм болгон бурама тээктерди алмаштыруу боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт, ишканаларды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.