08:52, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын волейболчулары Кытайда өтүп жаткан турнирде кезектеги жеңишин камсыздашты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерация билдирди.
Биздин курама команда Казакстандын командасына каршы ойноп, 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.
Буга чейин кыргызстандык волейболчулар Гонконгду (3:0) жана Россияны (3:2) утуп, бирок Кытай командасына утулуп калышкан.
Медалдар үчүн төрт команда — Казакстан, Кытай, Кыргызстан жана Россиянын спортчулары күч сынашууда.
Кыргыз Республикасынын атынан улуттук кураманын бир нече оюнчулары менен күчөтүлгөн КГАФКиСтин (Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы) командасы катышууда.