08:35, 28 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 2026-жылы Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 16-майдан 23-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдиришти.
Маалыматынка ылайык, тестирлөөгө катышуу үчүн 11-класстын 64 миң 83 бүтүрүүчүсү катталган.
ЖРТ өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн милдеттүү этап болуп саналат. Тестирлөө жыл сайын өткөрүлүп, негизги жана предметтик тесттерди камтыйт, алардын жыйынтыктары абитуриенттерди окууга кабыл алууда эске алынат.
Министрликтен белгилешкендей, тестирлөөнү өткөрүүгө даярдыктар пландык режимде жүрүп жатат.