Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду кимдер алат?

15:16, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда кимдер кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул ала аларын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түшүндүрүп берди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарды берүү тартиби Өкмөттүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтому менен бекитилген жобо аркылуу жөнгө салынат. Документтин ченемдерине ылайык, бул төлөмдү алууга төмөнкүлөр укуктуу:

  • Иштеген жарандар: Иш берүүчүлөр менен эмгек мамилесинде турган адамдар.
  • Жеке ишкерлер: Ишкердик иш жүргүзүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткан адамдар.
  • Дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү.
  • Расмий жумушсуздар: Белгиленген тартипте иш менен камсыз кылуу кызматтарында расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укугу бар аялдар.

Белгиленгендей, расмий жумушсуздар үчүн милдеттүү шарт болуп жалпы камсыздандыруу стажынын кеминде 12 ай болушу саналат.