Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлыгы жогорулады

14:21, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда социалдык камсыздоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Айлыктарды жогорулатуу 3 миң 400дөн ашык кызматкерди камтыды. Алардын арасында төмөнкү мекемелердин кызматкерлери бар:

  • Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору;
  • Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборлору;
  • «Келечек» борбору жана «Балдар үчүн ишеним телефону» кызматы;
  • Социалдык стационардык мекемелер;
  • Протездик-ортопедиялык ишкана жана аймактык бөлүмдөр.

Чечимге ылайык, кызматтык айлык акылардын коэффициенттери жогорулатылды. Мындан тышкары, кошумча төлөмдөр киргизилди: административдик, негизги жана көмөкчү персонал ай сайын 15 миң сом, ал эми техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация алышат.

Министрликтен белгилешкендей, айлык акыны жогорулатуунун кезектеги этабы 1-сентябрга пландаштырылган. Ал башка аймактык бөлүмдөргө тиешелүү болуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жалпы жогорулатуунун алкагында ишке ашат.