Садыр Жапаров Россияга эмнеге барганын айтты

13:41, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров акыркы саясий кырдаал боюнча Kaktus.media сайтына маек куруп, анда бир аз күн мурда жасаган Россияга сапары тууралуу да айтты.

«Эгемендүү мамлекеттин президентин эч ким чакыра албайт. Тескерисинче, Москвага барууну мен өзүм демилгелегенмин. Астанадагы экологиялык саммитке катышкандан кийин, бир эле учурда бир нече маселелерди талкуулап, жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууну чечтим. Владимир Владимирович бул демилгени дароо колдоду.

Сапардын биринчи күнүндө биз эки сааттан ашык убакыт бою кыргыз-орус мамилелерине байланыштуу кеңири маселелерди талкууладык. Шашылыш түрдө чакырылган тиешелүү министрлердин катышуусунда бир катар темалар боюнча кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдаштык, ал эми эртеси күнү кеңейтилген жолугушуу болду. Бардык негизги маселелер чечилди.

Мен Владимир Владимировичке ыраазычылык билдирүүнү туура деп эсептейм: акыркы беш жылдын ичинде ал кыргыз-орус кызматташтыгынын бардык маселелери боюнча ырааттуу колдоо көрсөтүп, орус тарабына байланыштуу маселелерди чечип келди. Ошондуктан биз Орусияны стратегиялык өнөктөшүбүз деп атайбыз», — деген президент.