12:05, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисттери Россиянын Пермь шаарында өткөн «Арабеск» сынагында сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакта балет бийчилери Адилжан Рахманов II даражадагы лауреат наамына ээ болсо, Даяна Кыдыралиеваге диплом тапшырылды.
«Арабеск» сынагы 1988-жылдан бери өткөрүлүп келет жана бул убакыт ичинде дүйнөдөгү эң абройлуу балет сынактарынын бирине айланды. Быйылкы иш-чара Пермь шаарында 15-апрелден 25-апрелге чейин өтүп, Пермь балетинин 100 жылдыгына арналды. Жалпысынан дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн артисттер жана хореографтар тарабынан 354 билдирме түшкөн. «Арабеск-2026» сынагынын катышуучуларынын арасында Россия, Австралия, Бразилия, Франция, АКШ, Япония, Италия, Түркия, Монголия жана башка мамлекеттердин өнөрпоздору болду. Ошондой эле Россиянын 26 шаарынан, анын ичинде Санкт-Петербург, Москва, Новосибирск жана башка калаалардан өкүлдөр катышты.
Сынактын негизги максаты — жаңы ысымдарды ачуу, аларга ийгиликтүү карьера үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, классикалык балеттин бай мурасын сактоо жана заманбап хореографияны өнүктүрүү болуп саналат.