Баткенде аялын өлтүргөн адам өз жанын кыйды. Беш бала жетим калды

11:30, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Чоң-Кара айылында эркек киши аялын өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган. Бул каргашалуу окуя тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, каргашалуу кырсык Чоң-Кара айылында болгон. Анда 45 жаштагы жаран балдары уктап жатканда, уктоочу бөлмөдө 44 жаштагы жубайына бир нече жолу бычак сайган. Натыйжада, аял киши ошол жерде каза болгон. Андан соң 45 жаштагы жаран үйүнүн короосундагы өрүк бакка асынып алган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Азырынча шектүүнүн мындай кадамга барганынын себеби белгисиз. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматына караганда, жубайлардын артында беш баласы калды. Алардын үчөө мектеп жашындагылар. Эки тараптан тең балдардын чоң ата, чоң эне жана таята, таенелери жок экени айтылууда.