Орусиянын коргоо министри расмий сапары менен Бишкекке келди

11:19, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 27-апрелде Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов расмий сапары менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда конокту Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Фото

Жогорку даражалуу конок иш сапардын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу пландалууда.