Биринчи класска 61 миңден ашык бала катталды: Бишкекте 17 миң орун бош

10:54, 27 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Биринчи класска 61,7 миңден ашык бала катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарында көрсөтүлгөн.

Анын ичинде Бишкек шаары боюнча 9,4 миңге жакын бала мектепке кабыл алынды. Алардын ичинен 3,9 миң орун кыргыз тилинде окутуучу класстарга, 5,5 миңге жакыны орус тилдүү класстарга туура келет. Учурда борбор калаада 17 миңден бир аз ашык бош орун бар.

2026/27-окуу жылына карата жалпы квоталардын саны — 192,3 миңди түзөт.

Белгилей кетсек, республиканын түштүгүндө окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү класстарга да кабыл алуу жүрүп жатат.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Учурда 2019 жана 2020-жылдары туулган балдар каттоого алынууда.

Биринчи этапта ата-энесинин биринин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынат. Каттоонун экинчи этабы — жашаган дарегине карабастан кабыл алуу — 1-июндан тарта башталат.